“Черная пятницага” байланыштуу иш таштоолор

25-Ноя. 2017, Ишемби, 14:17

“Черная пятница” – массалык сатып түгөтүү күнүндө “Amazon” компаниясынын Италия жана Германиядагы жүздөгөн кызматкерлери иш таштады. Италияда аталган ишкананын тарыхында мындай көрүнүш биринчи жолу болгондо да Пьяченца шаарындагы башкы борборунда катталды.

Иш таштаган кызматкерлер айлык акыны көбөйтүүнү талап кылып жатышат. Ошондой эле рыноктогу суроо-талаптын жогорулугунан улам ашыкча иштөөгө аргасыз болуп жатканынан арызданууда. Италиялык профсоюздар эмгеги үчүн сый акы төлөнөрүн, бирок ал өлкөдөгү компаниянын өсүү ыргагы менен туура келбей турганын белгилеген.

Германияда иш таштоолор компаниянын алты кампасында катталды. Алар Рождество майрамдарынын аягына чейин ашыкча иштөөдөн баш тартып жатышат.

“Amazon” жетекчилиги башка логистикалык тармактарга салыштырмалуу эң жогорку маяна төлөнөрүн белгилеп, коюлган шарттарды аткарууга аракет кыларын белгилеген. Андан тышкары кызматкерлерге медициналык камсыздандыруу, бекер билим сыяктуу кошумча жеңилдиктер каралганын белгилеген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!