27-ноябрь: жолдор тайгак болот

27-ноябрь: жолдор тайгак болот
27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 09:45

Бүгүн, 27-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +0...-5, күндүз +0...+5;

Талас дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3..+2, күндүз +4...+9;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз +1...+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...+3;

Бишкек шаарында жаан, кар жаап, Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +0...-2, күндүз +3...+5 градус жылуу болот.

Ал эми 28-29-ноябрда жаан-чачын болбойт. Автожолдор тайгак жана тоңголок болушу күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!