Кумтөрдө алтын өндүрүү көлөмү канча унцияны түздү?

Кумтөрдө алтын өндүрүү көлөмү канча унцияны түздү?
14-Авг. 2018, Шейшемби, 13:21

"Centerra Gold Inc" жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2018-жылдын экинчи чейректеги өндүрүшүн жыйынтыктаты. Бул тууралуу кечээ, 13-августта аталган компаниянын kumtor.kg расмий сайтына жайгаштырылган маалыматта айтылат.

Андагы маалыматка караганда, КГК алты айда 184023 унция1 же 5723,76 кг алтын өндүрүп, 3,65 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

Кумтөрдө алтын өндүрүү көлөмү 2018-жылдын экинчи чейрегинда 83 803 унцияны түздү, өткөн жылдын ушул мезгилинде ал 138 623 унцияны түзгөн. 2018-жылдын экинчи чейрегинда фабрикага берилген рудадагы алтындын орточо курамы 70,3 пайыз, бөлүп алуу коэффициентинде 2,27 г/т түздү, 2017-жылдын ушул чейрегинда көрсөткүчтөр тиешелүү түрдө 3,53 г/т жана 79,3 пайызды түзгөн.

2018-жылдын II чейрегинде 90 620 унция, же 2,82 тонна алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2018-жылдын экинчи чейрегинде 117,3 млн долларды түздү.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААК гана ээ.

Кыргызстандын казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2018-жылдын экинчи чейрегинде Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 1,69 миллиард сомдон ашты.

Эскерте кетсек, Кумтөр кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2018-жылдын 31-мартына чейин Кумтөрдө жалпысынан 11,7 млн унция же 363,4 тонна алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

«Центерра» Түндүк Америка, Азия жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, иштетүү жана өркүндөтүү менен алек, Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчү компания. «Центерранын» эки негизги активи – Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар жана Түркияда 100% ээ болгон Оксүт кенинде үчүнчү өндүрүшүн курууда. «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада негизделет.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу 77 401 766 акция үлүшү менен «Центерранын» эң ири акционери. 2018-жыл,13-августка карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 349 млн доллардан ашты.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат жана пресс-релиз толугу менен SEDARwww.sedar.com системасында жана www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда..

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!