“Центерра” менен болгон келишимди баштоо мөөнөтү узартылды

“Центерра” менен болгон келишимди баштоо мөөнөтү узартылды
24-Авг. 2018, Жума, 14:57

“Центерра Голд Инк” компаниясы кыргыз өкмөтү менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтүн узартуу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан компаниянын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, келишимге тараптар 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюшкан. Анын негизинде келишим 24-августка чейин узартылган. Ал эми акыркы узартуу 2-ноябрга белгиленди.

Компания Стратегиялык макулдашуу күчүнө киргенге чейинки бардык шарттар аткарылышы, анын ичинде айрым териштирүүлөдүн токтотулушу жана жер тилкесин пайдалануу укугун тастыктоочу кол коюлган күбөлүктү алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташууну улантууда.

Белгилей кетсек, Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор “Центерра Голдду” 2013-жылы сотко берип, 100 миллион доллар кенемте талап кылган. Бирок 2017-жылы стратегиялык макулдашуу кабыл алынып, Кыргызстан доосунан кайра баш тарткан. Анын ордуна “Центерра Голд” онкологиялык кызматты жакшыртууга 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон. Экөөнү тең коомдук уюмдун эсебине которуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Ошол чечимге ылайык былтыр сентябрда өкмөт “Онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүү” коомдук фондун түзүп, инвестор убада кылган 10 миллион доллардын 7 миллионун Кыргызстанга бир ай ичинде которгон. Бул каражат KICB банкына келип түшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Депутат:
Депутат:"Калктан электрдин акысын мыйзамсыз алуу жосуну уланууда"
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Эркектер менен аялдардын психологиясы
Эркектер менен аялдардын психологиясы
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Шайназаров:
Шайназаров:"Айдарбеков туристке айланып калды, барбаган өлкөсү калган жок"
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Дубайда күйөрман болуп ырчы Мирбек Атабеков да барды
Дубайда күйөрман болуп ырчы Мирбек Атабеков да барды
Келдибаев: «Өкмөт ипотеканын үстөк пайызын 4 пайызга төмөндөтүшү зарыл»
Келдибаев: «Өкмөт ипотеканын үстөк пайызын 4 пайызга төмөндөтүшү зарыл»
Жаш көрсөткөн кышкы сырткы кийимдер
Жаш көрсөткөн кышкы сырткы кийимдер
Президент:
Президент:"Адамдын кадыр-баркы – таза эмгек менен гана бааланышы зарыл"
“Жиндиканалык качкындар”  тасмасынын бет ачаары болду
“Жиндиканалык качкындар” тасмасынын бет ачаары болду
​Мэйвезер “Ювентусту” Суперкубогу менен куттуктады
​Мэйвезер “Ювентусту” Суперкубогу менен куттуктады
Вице-спикер дресс-код тууралуу үн катты (видео)
Вице-спикер дресс-код тууралуу үн катты (видео)
Виктория Бекхам өз канынан косметика чыгарды
Виктория Бекхам өз канынан косметика чыгарды