Энергетикага өтө көп каражат коротулат

2-Июнь 2017, Жума

Кыргызстан аз камсыз болгондорго караганда энергетика тармагына 13 эсе көп каражат коротот. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы офисинин экономисти Бакыт Дубашов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан донорлордон энергетика тармагына алган каражат мамлекет маянага короткон акчалардын 70 пайызын түзөт. Же пенсияга жумшалчу каражаттын 65 пайызына жакын каражат керектелет. Бирок ага карабастан энергетика тармагынын абалы өтө начар. Жабдуулар эски. Чыгаша аз болушу мүмкүн, бирок ал үчүн тарифти жогорулатууга туура келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!