Боом капчыгайы беш күн жабылат

 Боом капчыгайы беш күн жабылат
5-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Таш кулатууга байланыштуу Боом капчыгайындагы унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-9-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун Боом капчыгайындагы 122-чакырымында жүргүнчүлөрдүн коопсузудугуна кам көрүү максатында, таштарды мажбурлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Буга ылайык, 5-9-июнга чейин саат 09-00 дөн 15-00 чейин аталган чакырымда автоунаалардын кыймылы ИИМдин кайгуул кызматы тарабынан убактылуу токтотулуп турмакчы.

Ал эми, токтотулган унаалардын саны 30-40 чейин өсүп кетсе, таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалар кое берилет. Эскерте кетсек, таш түшүрүү иштери жарыкта жана күн жылууда аткарылат.

“Айдоочуларга ыңгайсыздык алып келгени үчүн алдын ала кечирим сурап, айдоочуларды бул ишке түшүнүү менен мамиле кылышын суранат”,- деп айтылат аталган мекеменин билдирүүсүндө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!