​ДБ: 2017-жылы экономикалык өсүү темпи жайлайт

2-Июнь 2017, Жума

2017-жылы Кыргызстандын экономикалык өсүүсү жайыраак темпте жүрөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын (ДБ) Кыргызстандагы офисинин экономисти Бакыт Дубашов билдирди.

Анын айтымында, ДБ Кыргызстан үчүн 2017-жылга карата божомол жасады.

2016-жылы бюджеттин тартыштыгы ыкчам көбөйгөн. Киреше бөлүгүндө болсо өлкөнүн кирешеси кыскарган. 2015-жыл салык эмес түшүүлөрдүн эсебинен тең салмактуулук сакталган. Ал эми 2017-жылы олуттуу өзгөрүүлөр болбойт.

“Россияны кошо алганда аймакта акырындап калыбына келүү болот, мунай продуктыларынын жаңы баасына ыңгайлашат. 2017-жылы өсүү бир аз солгундап, 2018-жылы кайра турукташат. Айыл чарба өндүрүмүнүн турукташуусунун жана мигранттардын акча которууларынын эсебинен жакырчылык төмөндөйт”,-дейт Дубашов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!