“Мегакомго" кардар чыккан жок

6-Июнь 2017, Шейшемби

"Альфа Телеком" жабык акционердик коомун (MegaСom соода маркасы) сатуу боюнча аукциого бир дагы кардар чыкпады.

Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалымат кызматы билдирди.

Компаниянын баштапкы баасы 13,5 миллиард сом деп бааланган.

"Белгиленген мөөнөткө чейин "Альфа Телеком" жабык акционердик коомундагы мамлекеттин 100 пайыз акциясын сатуу боюнча аукционго катышууга табыштама түшкөн эмес. Андыктан аукционго даярдануу жана өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия белгиленген мөөнөттө табыштама түшпөгөндүктөн аукционду болбой калды деп тапты", — деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылы бул ири компанияны сатууга өкмөт эки жолу аракет жасаган. Биринчисинде баштапкы баасы 19 миллиард сомго бааланса, экинчисинде 14,3 миллиард сомго чейин арзандаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!