Россиянын бажы башчысы Кыргызстанга келет

7-Июнь 2017, Шаршемби

7-8-июнь күндөрү Россиянын Бажы кызматынын жетекчиси, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагасы Владимир Булавин Кыргызстанга иш сапары менен келет.

Бажы кызматынын маалымат кызматы билдиргендей, иш сапардын алкагында кыргыз өкмөтүнүн жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлөт. Ошондой эле, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын ушул жылдын 17-февралында Москвада өткөн 19-отурумунда кабыл алынган токтомдун аткарылышы талкууланат.

Мындан тышкары Владимир Булавин Россия берген гранттардын негизинде курулган ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын ЕАЭБдин шарттарына ылайык келтирүү иштери менен таанышат.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке 2015-жылы 12-августта толук кандуу мүчө болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!