Баланын дүйнө таанымын кеңейтүүгө салым кошуңуз!

Баланын дүйнө таанымын кеңейтүүгө салым кошуңуз!
23-Авг. 2018, Бейшемби, 15:23

Балдар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша улам өнүгүп, дүйнө таанымы кеңейет. Алардын эске тутуп, бир нерселерди кайталоосу барган сайын кыйындап, өздөрүн гана эмес, ата-энелерге да кыйынчылык туудурат. Ата-энелердин максаты балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша айырмачылык өзгөчөлүктөрүн ажыратып берүү.

Ал сүйгөн оюнду ойноп жатканда бир аз тыныгуу жасап, окууга кызыктырыңыз. Ал сүйгөн жомокту, ырларды окуп бериңиз. Күнүбүздү кантип кызыктуу өткөрөбүз деген суроонун тегерегинде ой жүгүртүп, анализ жасаңыз. Балаңыз эмнеге кызыгат? Мына ошол кызыгууларын арттырып, анын ичиндеги дүйнө таанымын ойготуңуз. Балаңыздын сүйгөн нерсеси менен (хобби) жок дегенде жумасына бир жолу чогуу олтуруп иш алып барыңыз. Мына ушундай жол менен балаңыз менен пикир алмашуу жүргүзгөн болосуз. Буга катар анын сүйгөн нерсеси менен пландарын ишке ашырган болосуз.

Төмөнкүлөр пландар балаңыз үчүн жардам беремекчи

Сабак аткаруу убагы

Тема кайталоо

Тыныгуу

Тест жүргүзүү

Чет тилдерин үйрөнүү

Тил үйрөнүүдө колдонулуучу маалымат булактары

Хоббилер

Ал сүйгөн китептер

Спорт ийримдери менен машыгуу

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!