Дүйнө чемпионатынын он эки стадиону кандай көрүнөт?

Дүйнө чемпионатынын он эки стадиону кандай көрүнөт?
20-Июнь 2018, Шаршемби, 15:33

Дүйнө чемпионаты өтө турган баардык россиялык стадиондорду көрүп, салыштырсаңыз болот.

Россиянын спортунун тарыхында кала турчу эң чоң окуялардын бири азыркы убакта кызуу өтүп жатат. Дүйнө чемпионатына дүйнөнүн бардык бурчунан миңдеген коноктор жыйналды, ал эми катышуучу шаарлар чыныгы эл аралык жарманке борборуна айланды. Бирок башкы көңүлдү бурдуруучу жерлер албетте, стадиондор! Дүйнөдөгү эң мыкты деп аталган отуз эки футбол командалары, дүйнөнүн он эки кереметинде таймашып жаткан кези. Ар бир стадиондун өзгөчөлүгү кандай?

«Лужники» стадиону, Москва

Он эки стадиондун ичинен бул эң чоңу гана эмес, эң атактуусу. «Лужники» — Москванын символдорунун бири, советтик жана россиялык спорттун тарыхый эстелиги жана сыймыгы. Ал эки жылда салынган жана стадион 1956- жылы ачылган. 80 миңге жакын адамды өзүнө батырган бул гигант долбоордун архитекторлору Рожин, Хряков, Власов жана Уллас.

Белгилей кетсек, ФИФАнын башкы идеясына шайкеш, Лужники чемпионатында жаңы заманбап стадиондун курулушун баштоо пландалган. Бирок, андане кайра баш тартышкан. Имараттын тарыхый сырткы фасадын толугу менен сактап калышкан, ал эми ичин чемпионат уюштуруучуларынын бардык талабына жооп бергидей таптакыр башка стадионго айланган.

«Спартак» стадиону, Москва

Стадиондун аталышы алгач «Открытие Арена» деп аталчу, бирок чемпионат учурунда ал атын өзгөрткөн. Москвалык «Спартак» үчүн 2014-жылы бул кызыл-көк имараттын пайда болушу чоң саамалык болгон- себеби команда аны 20 жыл күткөн. Стадионго 45 миң адам эркин батат. Аны америкалык “AECOM” компаниясы даярдаган.

«Санкт-Петербург» стадиону, Санкт-Петербург

«Зенит» футбол клубунун талаасы он жылга жуук убакыт курулган. 2017-жылы болжол менен 65 миң адамга ылайыкталган стадион пайдаланууга берилген. Ал белгилүү япон архитектору Кисё Куросаванын долбоору боюнча салынган жана көптөгөн өзгөчө заманбап чечимдери менен мактана алат.

Мисалы, стадион жылып турган чатыр менен талаасы бар, ал жылдын ар мезгилинде түрдүү окуяларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Сыртынан имарат Крестов аралына конгон чоң космостук кеменин элесин берип турат.

«Фишт» стадиону, Сочи

Бул спорттук объект 2013-жылы ачылган. Дал ушул жерде 2014-жылкы Олимпияда оюндарынын ачылышы жана жабылышы өткөн. Стадион 45 миң кишиге эсептелген жана анын курулушу менен австралиялык Дэймон Лавелле “Populous” архитектуралык компаниясы менен биргеликте иштеп чыккан.

Имараттын сырткы көрүнүшүнө карата анын символикалык жагын жана орун алган жерина карата өзгөчө талаптар коюлган. Андагы тоолор, көлдөр, өлкөнүн туристтик борбору жана эл аралык жактан мааниси чоң жер. Ошол себептен татаал аркалар, таштар, бир учурда тоонун чокуларын жана деңиздин түбүн элестетип турат. «Фишт» деген аталыш – тоонун чокусунун аталышы, адыгей тилинде бул сөз «ак баш» дегенди билдирет.

«Казань Арена» стадиону, Казань

Дүйнө кубогу үчүн атайы салынган жана ошол эле убакта «Лужники» футбол клубун эсепке албаганда, «Рубин» футбол клубунун талаасына айланган он эки стадиондун бири болуп калды. Америкалык “Populous” компаниясынын проектисинин негизинде салынган стадионго 45 миң адам батат. Ал 36 ай ичинде салынып, 2013-жылоы ачылган.


Албетте, стадиондун өзүнүн архитектуралык өзгөчөлүктөрү бар. Биринчи кезекте 120 метр узундуктагы ригелдери жана сегиз точкага таянып турган, жарык кирген чатыр консолдору. Бул чечимдин аркасында стадион калкып тургандай көрүнөт жана толкундун элесин берип турат. Бул башкы идея, себеби имарат Волга дарыясынын жээгинде жайгашкан. Бирок, «Казан-Аренаны» караган кезде көзгө эң биринчи эле түшкөн нерсе - бул 3,7 миң чарчы метр аймакты камтыган “Full HD” форматындагы Европанын эң чоң экранынын медиафасады.

«Самара Арена» стадиону, Самара

Чемпионатка карата стадон «Космос Арена» болуп өзгөртүлдү. Компания-долбоорчулары “gmp Architekten” жана “AECOM” стадиондун архитектурасына космостук мотивдерди кошкулары келишкен. Стадион өзүнө 45 миң күйөрмады батыра алат.

Анын башкы өзгөчөлүгү — тегерек чатыры. Жана ал эң чоң “шатерго” айланып, имаратты толугу менен жаап турат. Бир караганда нурлары менен жерге тийип турган чоң жылдызды элестетет. Чатыр (купол) 32 консолдон турат, пирамида тирөөчтөрүн (узундугу 21,4 метр) тиреп турат.

«Мордовия Арена» стадиону, Саранск

Саранскта жайгашкан футбол стадиону немец архитектору Тима Хупенин долбоору боюнча курулуп, 45 миң кишини батырат. Дизайндын негизин күндүн образы алынган- себеби күн мордовянын негизги уламыштарынын, мифтеринин жана жомокторунун символу. Күндүн жарыгынын жана түстөрдүн чечими — стадиондун ачык кызыл-сары өңүндө. 2018-жылдын жаз айында салынып бүткөн. Ал эми андагы эң биринчи матч анда 21-апрелде ойнолгон.

«Калининград» стадиону, Калининград

Эгер баардык мундиялдын стадиондору сүйрүү жана тегиз формада болсо, ал эми муну геометриялык жана бурчтуу деп айтууга болот. Француз архитектура бюросунун “Wilmotte & Associes Sa” имаратын негиз катары алышкан. Стадион 35 миң адамга ылайыкташкан.

«Волгоград Арена» стадону, Волгоград

Бул буга чейинки Борбордук стадиондун ордуна курулуган. Анын жанында Волга дарыясы жана “Мамаев курган” мемориалдык комплекси жайгашкан. 45 миң адамды батырыш үчүн ар кандай куулуктарга барууга туура келген, себеби стадионго арналган аянт аз болуп калган.

«Нижний Новгород» стадиону, Нижний Новгород

Стадион Волга жана Ока дарыяларынын кошулган жеринде оуран алган. Жана ал жактан шаардын укмуштуудай кооздугун көрүүгө болот. Ошол себептен анын курулушу үчүн –суу менен абанын бириктирүү темасы тандалып алынган. Архитектуранын негизги өзгөчолүгү —тегерете курчалган тирөөчтөр. Анын жардамы менен арена ачык көрүнөт, ал эми фасадды шамалдан атайы мембраналар коргойт.

«Ростов Арена» стадиону, Ростов-на-Дону

Дон дарыясынын сол капталында орун алган стадион үчүн тегерек четин атайы кум алып келинген. Стадиондун жанына чоң сейил бак ачылган. Беш этаждуу стадион комплекси төрт бурчтуу формага ээ жана 45 миң адамга ылайыкташкан.

«Екатеринбург Арена» стадиону, Екатеринбург

«Лужники» сыяктуу бул стадион чемпионатка карата кайрадан курулган эмес, жөн гана оңдолуп-түздөлгөн. Башында “Центральный стадион» 1957-жылы эксплуатацияга берилген, 2011-жылы оңдоп-түзөтүлгөн, ал эми 2015 тен 2017-жылдары мундиалга ФИФАнын талабы боюнча жасалып чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!