Бул автоүй кээ бир батирлерге караганда эң мыкты

Бул автоүй кээ бир батирлерге караганда эң мыкты
3-Июль 2018, Шейшемби, 15:58

Америкалык “Keystone RV” компаниясы “Fuzion Touring Edition III”төн эң чоң караван жасап чыгарды. Бул кадимки үйгө караганда сонун үлгү боло алат!

Бул дөңгөлөк үстүндөгү үйдүн узундугу 12 метр бийиктиги 4 метр жана салмагы 6,2 тонна! Ал эми аны көчүрүп-конуусуна супер күчтүү “Dodge RAM 3500” унаасы керек.

Трейлердин дубалдары жылып турат. Гидравликанын жардамы менен жылдырылгандан кийин ал чакан үч бөлмөлүү батирге айланат. Ички интерьери эң кооз жасалгаланган.

Трейлер бир нече бөлмөгө бөлүнгөн. Анда:

— эки уктоочу бөлмө (бирөө эки кишилик керебет менен экинчиси— эки башка эки керебет). Ар бир уктоочу бөлмөдө даараткана, душ бар!

— ашкана (сиздин кызматыңызда кыска толкундуу меш, газ плита, идиш жуучу машина, раковина, муздаткыч).

— конок бөлмөгө дивандары, стол отургучтары жана электр камини жайгаштырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!