Келечекте кандай үйлөрдө жашашыбыз мүмкүн (фото)

Келечекте кандай үйлөрдө жашашыбыз мүмкүн (фото)
27-Июль 2018, Жума, 15:05

Убакыт бир орунда токтоп калбайт. Замандын толкуну менен баары өзгөрүүдө. ХХ кылымда радио менен теленин өнүгүшү адамзат тарыхындагы эң ири «силкинүүлөрдүн» бири болсо, ХХІ кылымда интернеттин өнүгүшү жаңы багытка жол алды. Технологиянын өнүккөн заманында күн сайын жаңылыктар ачылып, ар күнү өзгөрүүлөр болуп жатат. Бир жыл барбай калган шаар кийинки жылы катуу өзгөргөнүн байкаган чыгаарсыз.

Бүгүнкү күндө алп шаарларга көрк берип турган нерселердин бири – бийик имараттар. Ушундан 50 жыл мурунку курулуш жумуштары менен азыркы курулуш иштерин салыштырганда айырмачылык асман менен жердей. Ал эми келечекте дагы кандай өзгөрүүлөр болоорун болжоп айта албайбыз. Кантсе да келечекте адамдар азыркы алп шаарлардан алыстап, жанына жайлуулук эңсеп чет жакаларда өмүр сүрүүгө ашыгып калабы деген божомолдор бар. Ошол максатта келечекте үйлөр чакан жана көчүп конууга ыңгайлуу болуп жасалышы мүмкүн. Ошого байланыштуу сиздерге келечектин үйлөрү ушундай болушу мүмкүн деген ой менен жоболорду сунуштамакчыбыз.

Айнектен жасалган үй

«Photon Space» деп аталган үй келечекте чоң суроо-талапка ээ болушу күтүлөт. Айнектен жасалган үйдү ар кандай жерге курууга болот. Ал үйдүн айнектери күн нурлары менен келген радиациянын 63 пайызынан коргойт. Үйдүн ички бөлүгүн башкалар көрө албагандай кылып жасап аласыз. Атайы пульт же болбосо смартфонго орнатулган программанын жардамы менен айнек үйдүн сырткы түсүн өзгөртсө болот.

Лондондук архитекторлор жасап чыгарган үй алдынкы жылдары 330-410 миң доллардын тегерегинде сатылмакчы.

Алюминийден жасалган үй

«ALPOD» деп аталган үй келечекте ыңгайлуу жана жеңил болушунун натыйжасында суроо-талапка ээ болот деп күтүлүүдө. Анын терезелери бийик орнотулган. Ошондой эле, үйдүн ичинин жобосуна ашкана, уктоочу бөлмө конок бөлмө менен даараткана кирген.

Алюминийден жасалган үй 2016-жылы сатыкка чыкмак. «Aluhouse» компаниясынын аткаруучу директору Эрик Квондун айтуусу боюнча, бул үйлөр кеңсе, дүкөн менен чакан кафе катары пайдаланса болот экен.



Экокапсула

Күн кубаты менен жел күчүнөн электр энергиясын өндүргөн үйдүн пайдалуулугу жогору болот. Акумуляторунун күчү 4 күнгө жетет. Базардагы баасы 3 000 доллар болот. Үйдү жеткирүү менен куруу бекер кызмат катары көрсөтүлөт. Экокапсулада жумуш үстөлү, эмеректер, жуунучу бөлмө, жаткан бөлмө, даараткана бар.

Көчүп конгон чакан үй

Бельгиянын «Skilpod» компаниясы жасап чыгарган көчүп-конмо чакан үйгө кызыккандардын саны артууда. Баасы 67 000 долларын түзгөн үйдө баардык шарттар каралган. Атайы эмеректер менен жабдылып, аба-ырайына байланыштуу температураны бир калыпта сактап туруу мүмкүндүгүнө ээ.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жалган кызматкери кармалды
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жалган кызматкери кармалды
Европага визалар кымбаттады
Европага визалар кымбаттады
Жээнбеков:
Жээнбеков: "Ар бир район борборунда 3 км жолго асфальт төшөлөт"
Путиндин кабылан кармаганын жазгандар сыйлык алды
Путиндин кабылан кармаганын жазгандар сыйлык алды
Богокко таасир эткен тамак-аштар?
Богокко таасир эткен тамак-аштар?
Үйлөнгөндөн кийин эркектер эмнеге салмак кошот?
Үйлөнгөндөн кийин эркектер эмнеге салмак кошот?
Баңгизатты мыйзамсыз ташуу маселеси талкууланды
Баңгизатты мыйзамсыз ташуу маселеси талкууланды
Айзада Тыныбекова:
Айзада Тыныбекова: "Инстаграммдан көп акча табууга болот"
Сурабалдиева: Силер эмне уктап жатасыңар?
Сурабалдиева: Силер эмне уктап жатасыңар?
Кара-Сууда 2 жеңил унаа кагышып, 4 адам жаракат алды
Кара-Сууда 2 жеңил унаа кагышып, 4 адам жаракат алды
Муздуу сууда сүзгөндөр бактылуубу? (видео)
Муздуу сууда сүзгөндөр бактылуубу? (видео)
Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг өткөрүлдү
Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг өткөрүлдү
 Кыргызстандын жана Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту
Кыргызстандын жана Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту
Саламат Садыковадан жаңы ыр “Бул өмүр!” (видео)
Саламат Садыковадан жаңы ыр “Бул өмүр!” (видео)
​Нурмагомедов ММА мушкери Жорж Сен-Пьерди мелдешке чакырды
​Нурмагомедов ММА мушкери Жорж Сен-Пьерди мелдешке чакырды
Назира Айтбекова: Аял сүйбөгөн адамынан тукум улагысы келбейт
Назира Айтбекова: Аял сүйбөгөн адамынан тукум улагысы келбейт