Кара-Үңкүрдөгү көпүрөнүн абалы начар

31-Март 2017, Жума

Кечээ, 30-март күнү Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагынын Чкалов айылындагы жер көчкү жана Кара-Үңкүр дарыясында жайгашкан авариялык абалдагы көпүрө менен ӨКМнын жумушчу топу жеринде таанышкан. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын Чек айылы менен чектешкен жээктериндеги Кара-Үңкүр дарыясынын кооптуу абал жараткан участкасын жеринде көрүшүп сел алуу коркунучу жаралган аймакты калыбына келтирүү боюнча тапшырмалар берилген.

«ӨКМнын министри Кубатбек Боронов жетектеген жумушчу топ Базар-Коргон жана Ноокен районундагы кооптуу объектилер менен таанышып кайтышты»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!