Жол кырсыгынан улам 3 жүргүнчү күйүп кетти

31-Март 2017, Жума

Бишкек-Ош унаа жолунда катталган жол кырсыктан улам 3 жүргүнчү күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жолдун 574-километринд «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа менен күйүүчү май ташуучу унаа кагышып, жыйынтыгында экөө тең күйүп кеткен.

«Жеңил унаада 3 жүргүнчү болгон. Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бригадалары тартылды. Толугураак маалымат берилет», - деп кошумчалады министрлик.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!