​Мыйзамсыз салынган үй сүрдүрүлдү

6-Апр. 2017, Бейшемби

Биринчи май райондук соттун чечими менен Бишкек мэриясынын жер иштетүү жана курулуш башкармалыгы тарабынан “Мурас-Ордо” жаңы конушундагы мыйзамсыз үй сүрдүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Мурас-Ордо” конушунун тургуну мектептин жанын мыйзамсыз курулуш курган.

“Аталган конуштун тургуну С.К. мектептин жанына уруксат документтери жок мыйзамсыз курулуш жүргүзгөндүгү үчүн үйү сүрдүрүлдү.”,-деп айтылат мэрия берген маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!