Экспертиза жанкечти Жалилов экенин аныктады

6-Апр. 2017, Бейшемби

3-апрелдеги Санкт-Петербург шаарынын метросундагы жардырууга шектелип жаткан жанкечти Акбаржон Жалилов экенин экспертиза аныктады.

Бул тууралуу Россиянын тергөө комитетинин төрайымы Светлана Петренко билдиргенин жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, терактыны жасоого шектелген Акбаржон Жалиловдун сөөгүн ата-энеси да тааныган.

“Акбаржон Жалиловдун ата-энеси менен сөөктү таануу процедурасы жүргүзүлдү. Ата-эне маркум болгон жанкечти алардын баласы экенин ырасташты”, - деп билдирди Петренко.

Белгилей кетсек, Санкт-Петербург шаарында болгон жардырууга шектелип жаткан Акбаржон Жалилов Кыргызстанда төрөлгөнүн Улуттук коопсуздук комитети ырастаган. Жалиловдун жакындары УКМКнын Ош облустук башкармалыгында сурак беришкенден көп өтпөй, Санкт-Петербургга суракка барган.

Жардыруунун айынан 14 киши каза таап, 50 чамалуу киши түрдүү жаракаттарды алган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!