Гитлердин сүрөтү бар китеп сатыктан алынды

6-Апр. 2017, Бейшемби

Нидерландияда Адольф Гитлердин сүрөтү тартылган балдардын боек китеби сатыктан алынды. Ага авторлордун футбол боюнча бөлүмгө Гитлердин чакырыгы же фашизмдин эмблемасынын сүрөтүн боену сунуштаганы себеп болгон.

Кичинекей окурмандар үчүн даярдалган китеп Нидерландиядагы “Kruidvat” дүкөндөр тармагында сатылган. Көп өтпөй басылмага бир нече арыздар келип түшкөн.

Соода борборунун ээси бул үчүн кардарларынан кечирим сураган. Ошондой эле балдар китебине Гитлердин сүрөтү кандайча кирип калганын текшерүүгө аларын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!