​Окуучуларга видеоконференция уюштурулду

6-Апр. 2017, Бейшемби

Бишкектик окуучуларга дүйнөлүк “Google” компаниясында иштеген кыргызстандык мекендешибиздин катышуусунда видеоконференция уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук администрациясы тарабынан уюштурулган видеоконференцияга дүйнөлүк “Google” компаниясында эмгектенген кыргызстандык Тилек Мамутов катышып, өзүнүн ийгилик сырлары менен окуучуларга дил маек куруп берди.


“Иш-чарага шаардагы №12 билим-тарбия комплексинде өтүп, райондогу мектептин алдыңкы окуучулары чакырылган. Алар Тилек Мамутовго өздөрүнүн кызыктырган 20дан ашуун суроолорду берип, жолугушуу бир жарым саатка уланды”,-деп айтылат маалыматта.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!