Кардарды сабап салган жаран камакка алынды

Кардарды сабап салган жаран камакка алынды
30-Авг. 2018, Бейшемби, 12:51

"Айчүрөк” соода борборунда кардарды сабап салган жаран кармалды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан кабарлашты. Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин “денеге атайлап оор жаракат келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда аны Свердлов райондук милициясы териштирүүдө.

Окуя тууралуу айта турган болсок, 28-августта "Айчүрөк" дүкөнүнүн уюлдук телефон саткан жайында сатуучу кардарды сабап салган. Кардар эс-учун жоготуп ошол жерден жан берген. Учурда шектүү камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат. Маркум 1973-жылы туулган Бишкектин жашоочусу экендиги аныкталды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!