Кыргызстанга Түркиянын президенти расмий визит менен келет

Кыргызстанга Түркиянын президенти расмий визит менен келет
30-Авг. 2018, Бейшемби, 13:02

Президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча 1-2-сентябрда Кыргызстанга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган расмий визит менен келет. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта президенттик аппараттан кабарлашты.

Визиттин алкагында эки мамлекеттердин башчылары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктын абалына жана мындан ары карай аны тереңдетүүнүн келечегине байланыштуу маселелердин кеңири спектрин талкуулашат. Эки өлкөнүн башчылары ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги орчундуу маселелер боюнча да пикир алмашышат.

Мамлекеттер башчылары ошондой эле Кыргызстан жана Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин IV отурумуна катышат.

Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайып Эрдогандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө жана эки өлкө башчылары басма сөз кызматкерлери үчүн билдирүү жасашат.

Ошондой эле Кыргызстанга расмий визитинин алкагында Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен жолугушат.

Андан соң президент Режеп Тайып Эрдоган өзүнүн расмий визитинин алкагында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Саммитине катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кытай АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүнөн баш тартты
Кытай АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүнөн баш тартты
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Дастан Бекешев: Угуусу төмөндөр онлайн түрдө сүйлөшө алышат
Дастан Бекешев: Угуусу төмөндөр онлайн түрдө сүйлөшө алышат
Денеден жагымсыз жыт чыгарган тамактар
Денеден жагымсыз жыт чыгарган тамактар
Жеңилбес Джошуа Поветкинди нокаут менен жеңди.
Жеңилбес Джошуа Поветкинди нокаут менен жеңди.
Эгиздей окшош: жылдыздуу ата-энелер жана алардын балдары
Эгиздей окшош: жылдыздуу ата-энелер жана алардын балдары
​Мектептердин 67 пайызы интернетке кошулган
​Мектептердин 67 пайызы интернетке кошулган
Баланын мурдунан суу куюлуу: Аллергиябы же Вирустук оорубу
Баланын мурдунан суу куюлуу: Аллергиябы же Вирустук оорубу
Финпол: Автоунаа ташуунун көмүскө схемасы аныкталды
Финпол: Автоунаа ташуунун көмүскө схемасы аныкталды
Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курат
Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курат
Миллионердин кызы сэндвич жеп көз жумду
Миллионердин кызы сэндвич жеп көз жумду
Документ жасагыч
Документ жасагыч "ортомчулар" көп кездешүүдө (видео)
Сержант катардагы жоокердин жаагын сындырды
Сержант катардагы жоокердин жаагын сындырды
​Роналду ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземине катышпайт
​Роналду ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземине катышпайт
Астананын чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү
Астананын чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү
Арыктоо үчүн качан тамактануу керек?
Арыктоо үчүн качан тамактануу керек?