Филармониядагы өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылды

Филармониядагы өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылды
30-Авг. 2018, Бейшемби, 13:55

Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүү кызматына болжол менен саат 12:26 чамасында маалымат келип түшкөн. Учурда 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, тилсиз жоону өчүрүү иштери жүрүп жатат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!