Көчмөндөр оюндарынын ачылышына Атамбаев чакырылды

Көчмөндөр оюндарынын ачылышына Атамбаев чакырылды
30-Авг. 2018, Бейшемби, 14:04

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта президенттик аппараттан маалымдашты.

Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын келиши күтүлүүдө.

Учурда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын башка өлкөгө, балким Түркияга өткөрүп берүү маселеси каралууда. Бул маселе Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-2-сентябрда Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында каралат.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев, ошондой эле белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!