Венгриянын премьер-министри Кыргызстанга келет

Венгриянын премьер-министри Кыргызстанга келет
30-Авг. 2018, Бейшемби, 15:58

Президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 2-4-сентябрда Кыргызстанга расмий визит менен келет. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Визиттин алкагында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Саммитине катышат.

4-сентябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат, андан соң басма сөз үчүн билдирүү жасашы күтүлүүдө.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий визитинин алкагында ошондой эле башка бийлик бутактарынын жетекчилери менен да жолугушат.

Айта кетсек, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өзүнүн расмий визитинин алкагында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Саммитине катышары айтылган. Ошондой эле аталган иш чараларга Казакстандын президент Нурсултан Назарбаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышары күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!