Мэрия Франциянын компаниясы менен кызматташат

Мэрия Франциянын компаниясы менен кызматташат
12-Сен. 2018, Шаршемби, 13:12

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында калаа башчысы Азиз Суракматовдун Франциянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Микаэл Ру жана «Декатлон» француз компаниясынын делегациясы менен жолугушуусу ѳткѳрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ эки тараптуу кызматташууну ѳнүктүрүү жана бекемдѳѳ, ошондой эле муниципалитет жана «Декатлон» компаниясы арасында кызматташууну орнотуу талкууланганын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, мэр Азиз Суракматов делегациянын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, Бишкек шаарынын мэриясы француз компаниясы тарабынан кѳрсѳтүлгѳн демилгелерди жана долбоорлорду ѳзүнүн компетенциясынын алкагында колдоорун, кызматташууга даяр экендигин белгилеген.

Ѳз кезегинде Элчиликтин илимий кызматкери, Борбордук Азиядагы Француз изилдѳѳ институнунун директору (IFEAC) Катрин Пужоль калаа мэрин ушул жылдын октябрь айында ѳтѳ турган «Бишкек-келечектин шаары» аталыштагы семинарга катышып кетүүгѳ чакырды.


Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Балбак Түлѳбаев, «Декатлон» француз компаниясынын директору Жером Антонио Де Сильва жана «Декатлон» компаниясынын эл аралык мамилелер бѳлүмүнүн жетекчиси Адина Эдме катышты.

Маалымат катары айта кетсек, «Декатлон» француз компаниясы спорттук товарларду сатуу менен алектенерин расмий сайтынан көрүүгө болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
 Болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн кыз үлпөт көйнөгүн кийди
Болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн кыз үлпөт көйнөгүн кийди
Ички иштер органдарынын  жетекчилери бирдиктүү жыйын өткөрүүдө (фото)
Ички иштер органдарынын жетекчилери бирдиктүү жыйын өткөрүүдө (фото)
Ички иштер министри Франциянын  элчиси Микаэль Ру  менен жолугушту
Ички иштер министри Франциянын элчиси Микаэль Ру менен жолугушту
Бир цифра менен 25 жыл лото ойноп 343 млн доллар утуп алды
Бир цифра менен 25 жыл лото ойноп 343 млн доллар утуп алды
17-ноябрь: Кыргызстандын аймактарында  күн ачык болот
17-ноябрь: Кыргызстандын аймактарында күн ачык болот
Бырыш кетирген сегиз түрдүү азык
Бырыш кетирген сегиз түрдүү азык
Чет өлкөлүк президенттер Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Чет өлкөлүк президенттер Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Бишкекте улгайган аялдар кар үтүктөп жатат (видео)
Бишкекте улгайган аялдар кар үтүктөп жатат (видео)
“Такебай” тасмасы бай менен кедейдин тагдыр сыноосун көрсөтөт
“Такебай” тасмасы бай менен кедейдин тагдыр сыноосун көрсөтөт
Жээнбеков менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү
Жээнбеков менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү
​«Манчестер Юнайтед» 3 млрд еврого сатылабы?
​«Манчестер Юнайтед» 3 млрд еврого сатылабы?
Башкы прокуратура  экс-судья Жаркеевага экинчи кылмыш ишин козгоду
Башкы прокуратура экс-судья Жаркеевага экинчи кылмыш ишин козгоду
Чет өлкөлүктөр Кыргызстандан чыккан кийимдерди кийишет
Чет өлкөлүктөр Кыргызстандан чыккан кийимдерди кийишет
Покемондор тууралуу фильм чыкты
Покемондор тууралуу фильм чыкты
​Орусия футбол боюнча курамасы 8 миллион доллар алды
​Орусия футбол боюнча курамасы 8 миллион доллар алды
“Porsche 911”дин официалдуу видеосу жарыяланды
“Porsche 911”дин официалдуу видеосу жарыяланды