Сагынбаев: Түркия Кыргызстанга эч кандай тизме берген эмес

Сагынбаев: Түркия Кыргызстанга эч кандай тизме берген эмес
12-Сен. 2018, Шаршемби, 16:47

Түркия тараптан Кыргызстанга 130 адамдан турган эч кандай тизме берилген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында билдирди.

"Мен расмий айта алам.Түркия тараптан Кыргызстанга 130 адамдан турган эч кандай тизме берилген эмес. Тизме тууралуу маалымат ойдон чыгарылган деп ойлойм. Ал эми "Сапат" билим берүү мекемеси биздин Билим берүү министрлиги менен иштеген мекеме. Аны жабуу жана имараттарын Түркиянын "Маариф" фондуна өткөрүп берүү тууралуу маселе каралган жок. Сапат” билим берүү мекемеси өз алдынча болуп, балдарыбызга билим берүүсүн улантат",- деди Сагынбаев.

Айта кетсек, Түркиянын президентинин сентябрдын башында Кыргызстанга жасаган сапарынан кийин түрк басылмалары Режеп Тайып Эрдоган кыргыз бийлигине Кыргызстандагы 130 түрк жарандарынын тизмесин бергенин жарыялашкан.

Ошондой эле 10-сентябрда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат «Сапат» билим берүү мекемелеринин имараты «Маариф» фондуна өтөөрүн жарыялаган. Бирок ошол эле күнү Билим берүү жана илим министрлиги элчинин билдирүүсүнө дароо жооп кайтарып, эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда Түркия менен «Сапаттын» имараттарына байланыштуу сүйлөшүүлөр болбогонун кабарлаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!