Абылгазиев:"Усубалиевди өндүрүшчү, башкы курулушчу деп атоого болот"

Абылгазиев:
4-Ноя. 2019, Дүйшөмбү, 16:44

Өлкөнүн өнүгүүсүнө күчүн аябастан зор салым кошкон адамдардын коомдогу ардактуу ордун белгилөө, аларга таазим этүү– биздин муундун милдети. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрүүнүн алкагында Нарын шаарында уюштурулган иш-чарада билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

«Советтер Союзунун башка республикалар менен катар эле курамына кошулуу менен биз чоң пайданы гана таптык. Бул ошол кезде иштеген жетекчилердин зор эмгегинин натыйжасында болду. Айрыкча 60-80-жылдары республиканын өнүгүшүндө Турдакун Усубалиев зор салым кошту. Ал бүт өмүрүн өз элине-жерине кызмат кылууга арнады. Биз муну дайыма эстеп жүрүшүбүз керек. Саясий жана мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгын карата өткөрүлүп жаткан иш-чаралар – бул анын эмгегин баалоонун аз гана бөлүгү» – деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, Турдакун Усубалиев өзүн сөзүнө бекем жана иштин көзүн билген адам катары көрсөттү.

«Анын жетекчилиги алдында республика агрардык-индустриалдык өлкөгө айланган. Тамак-аш жана жеңил өнөр жай, машина куруу, энергетика, курулуш тармактары өнүктү. Дал ушул үчүн Турдакун Усубалиевди өндүрүшчү, башкы аграрий жана курулушчу деп атоого болот. Анын убагында ондогон стратегиялык трассалар салынды, анын ичинде өлкө үчүн олуттуу мааниге ээ Фрунзе-Ош жолу бар. Бул жолдун ачылышы менен гидроэлектрстанциялар курулуп, республика гана эмес, коңшу өлкөлөр дагы жарык жана жылуулук менен камсыз болушту. Мындан тышкары Улуттук хирургиялык борбор, кардиологиялык борбор, бардык облустук жана райондук ооруканалар салынган. Бүгүнкү күндөгү 2265 мектептин 70% анын учурунда курулган. Биздин борбордук аянтты ак мрамордон жасоо дал ушул инсанга таандык. Турдакун Усубалиевдин өмүр жолу – чыныгы куруучунун жолу, чыныгы жаратман мамлекеттик ишмердин жолу деп так айта алабыз», – деди ал.

Белгилей кетсек, белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган. Ал 2015-жылы 6-сентябрда узакка созулган оорудан каза болгон.

Ал жетекчи болуп турган учурда Бишкектеги ЭВМ, автомобиль жыйноочу заводдор, Оштогу ХБК, Кара-Балтадагы килем комбинаттары, Канттагы цемент-шифер, Токмоктогу айнек заводдору иштеп баштаган. Бишкектеги "Манас" аэропорту жана Лейлек, Нарын, Каракол аэропорттору пайдаланууга берилген. Ошондой эле Турдакун Усубалиевдин түздөн-түз жетекчилиги менен Ала-Тоо аянты, Ак үй, Ленин атындагы борбордук музей, Ленин атындагы китепкана, Спорт сарайы, Цирк, Филармония, Улуттук тарых музейи, Кыргыз драма театры, "Айчүрөк" борбордук универмагы, "Жеңиш" комплекси, Илимдер академиясынын имараттары жана башка объектилер курулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ачка калган аюулар айылга жакындады
Ачка калган аюулар айылга жакындады
Айгерим Расул кызына «Жылдын мыкты ырчы айымы» наамы ыйгарылды
Айгерим Расул кызына «Жылдын мыкты ырчы айымы» наамы ыйгарылды
Жеңишбек Жумакадыр: Миң жолу суранса да макул элем
Жеңишбек Жумакадыр: Миң жолу суранса да макул элем
Абылгазиев: Логистикалык борбордо 10 миң жумушчу орун түзүлөт
Абылгазиев: Логистикалык борбордо 10 миң жумушчу орун түзүлөт
Турдакун Ниязалиев жаңы клип тартты
Турдакун Ниязалиев жаңы клип тартты
Марлен Маматалиев:
Марлен Маматалиев: "Мен Жогорку Кеңешке элдин жашоосун өзгөртө алам деген максатта келдим"
Сапаргүл Абдинабиева: Эмнеге жаңы төрөлгөн баланын алгачкы 1000 күнү маанилүү?
Сапаргүл Абдинабиева: Эмнеге жаңы төрөлгөн баланын алгачкы 1000 күнү маанилүү?
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Путиндин
Путиндин "өзөктүк" сумкасын ачык көрсөтүштү
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
"Селсаяк" рейдинин негизинде 17 жаран текшерилди
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты