Чоң Алайдын тоолорунда жарака пайда болду

28-Июнь 2017, Шаршемби

Чоң-Алай районундагы тоо этектеринде жарака пайда болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-июнда аталган райондун Сары-Булак айылында тоо этектерде майда жаракалар пайда болгон. Тоодогу пайда болгон жаракаларды жеринде изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы, ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Иликтөө ишинин натыйжасында тоодогу жаракалар 2 турак үйгө кооптуу абал жараткандыгы аныкталып, турак үйдүн жашоочулары туугандарынын үйүнө көчүрүлгөн.

Андан сырткары, айылдын жогору жагында да кошумча жаракалар пайда болгондугу байкалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!