Эки өспүрүм бала көлгө чөгүп кетти

25-Авг. 2017, Жума

Ысык-Көлдө эки өспүрүм бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-августта Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылындагы “Радуга” пансионатында 13 жана 15 жаштагы эки улан Ысык-Көлгө чөгүп кетишкен. Окуя болгон жерге саат 14:50дө келген куткаруучулар балдардын сөөгүн таап, жакын туугандарына өткөрүп беришкен.

Расмий маалымат боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанда 70ге жакын адам сууга чөксө, алардын 18 жаш балдар.

Фото: интернеттен алынды, окуяга тиешеси жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!