Атамбаев жаңы өкмөткө ак илбирсти сактоону тапшырды

26-Авг. 2017, Ишемби

Бишкекте өткөн ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумда сөз сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев аткаруу бийлигинин тизгинин жаңыдан колго алып жаткан Сапар Исаковго жана анын командасына ак илбирсти сактоо өтүнүчү менен кайрылды.

“Жогорку Кеңешке, жаңыдан шайланып жаткан өкмөткө кайрылгым келет. Учурда Кыргызстанды 2014-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы иштелип жатат. Бул датанын тандалып алынганынын себеби – туура 23 жылдан кийин улуу кыргыз каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1200 жылдыгы белгиленет. Ошондуктан бул стратегияда ак илбирсти жана анын экосистемасын сактап калуу боюнча программа өзүнүн татыктуу ордун ээлеши керек”,-деди.

Эки күн бою Бишкекте өткөн ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча саммитке сейрек кездешкен жаныбарлар байырлаган 12 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.

Форумдун акырында 12 мамлекетте сейрек кездешкен жаныбар үчүн жаратылыш потенциалын жакшыртуу боюнча келишимге кол коюлду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!