Таласта чабан эки аялын тең сабап өлтүрдү

25-Авг. 2017, Жума

Талас облусунун Талды-Булак айылынын тургуну жубайын сабап өлтүрдү деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 22-август күнү болжол менен саат 23.00дөрдө жайлоодо болгон. Анда 38 жаштагы чабан мас абалында үйүнө келип, өзүнүн 33 жаштагы аялын эч себепсиз ур-токмокко алган. Жабырлануучу алган жаракаттарынан көз жумган.

Бул факты боюнча кылмыш из козголуп, кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу кармалган. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле анын үстүнөн тергөө иштери уланып жатат.

“Шектүү буга чейин да бир нече ирет соттолгон. Маркум кылмышка шектүүнүн экинчи жубайы. Биринчи аялын да уруп өлтүргөнү үчүн эркинен ажыратылган», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!