Өкмөт соцтармактагы сындарга ыкчам жооп кайтарат

8-Сен. 2017, Жума, 07:20

Өкмөттө жарандардын сын-пикирлери менен кайрылууларын карай турган атайын бөлүм түзүлөт.

Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков өкмөттө өткөн жыйында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы маалымдады.

Министрлер кабинетинин башчысы ар бир жетекчиден сындарды тескей турган атайын бөлүмдө иштөөгө өз өкүлдөрүн көрсөтүүнү сунуштады. Аны менен бирге өкүлдөрдүн дүйнө таанымы кенен болушу керек деген талап койду. Англис тилин билгени андан да дурус.

«Коомчулуктун ар бир кайрылуу, сын пикирине ыкчам жооп кайтарылышы керек. Эгерде айтылган сындарга макул болсок, макул деп, же болбосо өз позициябызды билдирип турушубуз керек»,-деди Исаков.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!