«Абайла, контрафакт!» акциясы өттү

8-Сен. 2017, Жума, 10:26

Антиконтрафакт – 2017» V эл аралык форумунун алкагында Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) кечээ, 7-сентябрда «Курманжан Датка» эстелигинин жанында жана «Чынар» МУМдун астында «Абайла, контрафакт!» акциясы өттү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Акциянын максаты - Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун контрафакт жана жасалма өнөр жай өнүмдөрүнө каршы күрөшүү, интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону камсыздоо жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө маалыматтуулуктарын жогорулатуу.

Акцияга борбор кааланынын жашоочулары, коноктору жана чакырылып, Коноктор контрафакт продукциялар туралуу көптөгөн керектүү маалыматтарды алышты.

Акциянын жүрүшүндө ар түрдүү кызыктуу конкурстар ойнотулуп, активдүү катышуучуларга Кыргызпатент даярдаган белектер тапшырылды, акция ырчылардын жана бийчилердин катышуусу менен коштолду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!