​Майыптар жөө жүрүшкө чыгышты

8-Сен. 2017, Жума, 11:13

Бүгүн, 8-сентябрда Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана аларды ата-энелери менен биргеликте жөө жүрүш өткөрүүдө. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин маалымат кызматы билдирди.


Иш-чара БУУнун майыптардын укугун коргоо Конвенциясын ратификацясын коргоо алкагында өтүп жатат.

Жөө жүрүшкө 200дөн ашуун адам жана анын ичинде министрликтин кызматкерлери дагы бар. Аталган иш-чара саат 10:00дө башталган 12:30 чейин уланып, Манас проспектисинен Түштүк Магистралдан Совет көчөсүнө чейин жөө жүрүшкө чыгууда.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!