Медреседен өрт чыгып, 80 бала эвакуацияланды

25-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 11:12

Токмок шаарындагы медреседен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Токмок шаардык пансион кайрымдуулук мекемесиндеги медреседен өрт чыгып, ӨКМнын куткаруучулары тарабынан 80 бала эвакуацияланган. Өрт учурунда 5 даана терезе, ичинде 4 даана эмерек күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

Фото: интернеттен алынды, окуяга тиешеси жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!