Бабанов Жээнбековду куттуктады

24-Ноя. 2017, Жума, 17:06

Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбековду президенттик кызматка расмий киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.

Жогорку Кеңештин депутатынын өз куттуктоосунда мындай деп белгилеген: «Кыргыз өлкөбүздө жаңы президент ишке киришти. Бийлик өз ыктыяры менен алмашты. Өлкөбүздө туруктуулук сакталды. Элимди дал ушул эң баалуу жетишкендигибиз менен куттуктагым келет»

«Сооронбай Шарипович, бүгүн сиз чоң миссияны колуңузга алдыңыз. Алмазбек Шаршенович түптөгөн тынчтык менен туруктуулук жолун улантуу, элибизди өнүгүү жолуна багыттоо, өлкөбүздөгү демократиялык жана укуктук башаттарды күчтөнтүү эми сиздин колуңузда. Кыргыз мамлекетибиз менен элибиздин биримдиги жана бүтүндүгү - эң бийик баалуулук, андыктан ниеттерибиздин окшош экендигине ишенем. Сизди президенттик кызматка расмий киришүүңүз менен куттуктайм. Таза, акыйкаттуу, жарандарыбыздын эрки менен тандоосун алга сүрөгөн башкаруучу элибиздин ишенимине, колдоосуна сөзсүз ээ болот. Өлкөбүз мыйзамдын үстөмдүгүн толук орнотуп, олуттуу реформалар аркылуу өнүгүүгө жетишүү менен аймакта гана эмес, дүйнөдөгү үлгүлүү мамлекет болот деп ишенем», - деп жазылат Бабановдун куттуктоосунда.

Эскертек кетсек, Өмүрбек Бабанов 15-октябрдагы президенттик шайлоодо ат салышып, парламенттеги «КСДП» партиясы президенттике көрсөткөн Сооронбай Жээнбековго утулуп калган. Президенттикке талапкерлердин теледебатында Сооронбай Жээнбеков президенттикке келсе коррупция менен күрөштү Бабановдон баштарын билдирген.

Башкы прокуратура 4-ноябрда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго жана башка адамдарга карата кылмыш ишин козгон. Ага ылайык, Бабанов кылмыш кодексинин конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу, улут, расалык аралык диний жана расалык кастыкты козутуу боюнча айыпталып жатат.

Билдирүүгө ылайык, Өмүрбек Бабанов президенттикке ат салышып жаткан талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүү учурунда Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунун тургундары менен жолугушууда өзбек улутундагы жарандардын укугу тебеленип жатканын, аларга карата мамлекеттик органдар тарабынан басмырлоо бар экенин жүйө келтирип, улуттук теңсиздик болууда деп баалаганы аныкталып, мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат сүйлөнгөн сөздөр монтаж болгон эмес деген бүтүм чыгарган.

Кылмыш иши УКМКга өткөрүлүп берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!