Өрткө каршы машыгуулар өткөрүлдү

27-Фев. 2018, Шейшемби, 11:47

Ош облусундагы Ноокат районунун борбордук ири базарларында өрткө каршы машыгуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Тагыраак айтканда, Мамэкотехинспекциянын Араван, Ноокат райондору боюнча аймактык башкармалыгынын демилгеси менен Кооператив, Сары- Алтын базарларында өрткө каршы текшерүү жана машыгуу иштери жүрдү. Анын жыйынтыгы менен атайын унаа эки базарга тен ыкчам кирип, шарттуу өрттү өз убагында өчүрүүгө жетишти.

Мамэкотехинспекциянын Араван, Ноокат райондору боюнча башкармалыгынын адистеринин айтымында, буга чейин текшерүүдө аталган базарларда өрт коопсуздук талаптары боюнча бир нече кемчиликтер аныкталган. Алар соода жайларынын жана контейнерлердин баш аламан жайгашканын ирээтке келдтируу, ошондой энергетикалык коопсуздук багыттарын тартипке салуу талаптары коюлган. Мамэкотехинспекциянын адистеринин көрсөтмөлөрүнүн негизинде, бүгүнкү күндө аныкталган кемчиликтер жокко чыгарылып, борбордук базарлар өрт коопсуздук талаптырына жооп бере баштады.

Кошумчалай кетсек, аталган машыгууну Мамэкотехинспекциянын Араван, Ноокат райондору боюнча региндор аралык башкармалыгы демилгелеп, ага Ноокат райондук өрткө каршы бөлүмү, райондук ички иштер башкармалыгы жана Ноокат райондук аймактык оруканасы менен биргеликте өткөрүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!