Голливуд үңкүрдө калган футболчулар тууралуу фильм тартат

Голливуд үңкүрдө калган футболчулар тууралуу фильм тартат
13-Июль 2018, Жума, 17:15

Тайландда үңкүрдө калып калган жаш футболчулардын куткарылуусу бир нече кинопродюсерлерди алар тууралуу кино тартууга шыктандырды. Бул сунушту алгач “Pure Flix” студиясы жасады.

Компания окуя болгон жерде балдарды куткаруу учурунда көз жумган куткаруучуну тааныган Майкл Скотт менен бирге ушул окуяны киного айлантуу ниетин билдирген. Кийин Джон Пеноттинин жетекчилигиндеги “Ivanhoe Pictures” студиясы Тайланд өкмөтү менен 12 бала менен алардын машыктыруучулары, куткаруучулар тууралуу фильмди тартуу жобосу макулдашылганын маалымдады.


Эскерте кетсек, май айынын аягында балдар футбол командасы машыктыруучусу менен бирге өлкөнүн чыгышындагы Кхао-Луанг үңкүрүндө жоголуп кетишкен. Алар үңкүрдүн ичинде болгондо катуу жаан жаап, ал жактын ичи сууга толуп чыга албай калышкан. Бул топту издөөгө баш аягы миңден ашуун адам тартылган. Балдар үңкүрдүн 4 чакырым аралыктагы суу жетпей калган аянтчасынан табылган.

Куткаруу операциясына Тайланд аскер кызматынан башка, АКШ, Улуу Британия, Кытай куткаруучулары жана Илон Маск катышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!