​Апрелдин башында туруксуз аба-ырайы күтүлөт

​Апрелдин башында туруксуз аба-ырайы күтүлөт
30-Март 2018, Жума, 17:11

1-апрелден 3-апрелге чейин Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу аймактарда карга айланат. Кыргызстандын тоолуу райондорунда жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +5...+10 жылуу болот.

Нарын облусунда түнкүсүн −1...-6 суук, күндүз +4...+9 жылуу,

Чүйдө түнкүсүн +3...+8°, күндүз +11...+16 жылуу

Таласта түнкүсүн +3...+8°, күндүз +11...+16 жылуу,

Ошто +5...+10, күндүз +13...+18 жылуу,

Жалал-Абадда +5...+10, күндүз +13...+18 жылуу,

Баткен облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +13...+18 жылуу.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −13...-18°, күндүз −2...-7° суук болушу күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!