2-апрель:тоолуу райондордо жаан жаайт

2-апрель:тоолуу райондордо жаан жаайт
2-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 12:21

2-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16,

Баткенде түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,

Ош түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 5...10,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,

Бишкек шаарында түнкүсүн 2...4, күндүз 13...15 градус жылуу болот.

2-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!