​Троллейбус, автобустар түнгө чейин иштейт

​Троллейбус, автобустар түнгө чейин иштейт
2-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 17:41

Бүгүн Бишкекте троллейбус менен автобустар күчөтүлгөн тартипке өтүп, түнгө чейин иштейт. Бул туурасында Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов билдирди.

“Троллейбус менен автобустарды күчөтүлгөн тартипке өтүүгө тапшырма бердик. Учурда 130га чукул автобус, 110 троллейбус иштеп жатат. Алар түнгө чейин иштешет”,- деди Атыканов.

"Келишимдерди карап чыктык, каттамдардын токтоп калуусу боюнча эч кандай чара колдоно албайбыз. Эми ушул боюнча келишимдерди оңдоп-түзөп кайрадан иштеп чыгабыз. Жакын арада даяр болот",-деп кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!