LADA үлгүсүндөгү 550 унаа келиши мүмкүн

LADA үлгүсүндөгү 550 унаа келиши мүмкүн
3-Апр. 2018, Шейшемби, 12:26

Кыргызстандын жергиликтүү бийлик органдары үчүн LADA үлгүсүндөгү 550 унаа келиши мүмкүн. Бул тууралуу Россиялык массалык маалымат каражаттары кабарлады.

Маалыматка караганда, Россиянын Тольятти шаарынын башчысы Сергей Анташев Кыргызстанга жасаган сапарында жергиликтүү бийлик органдары үчүн LADA үлүгүсүндөгү 550 унаа жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Кыргызстандын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары LADA Vesta, LADA Granta и LADA 4×4 автоунааларын алууга кызыктар экендигин билдирген.

Сергей Анташевдин Кыргызстанга болгон сапары келерки жумага белгиленген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!