Соода алакалары 400 млн. долларды түзөт

Соода алакалары 400 млн. долларды түзөт
5-Апр. 2018, Бейшемби, 09:11

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 400 млн. долларды түзөт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушуу учурунда, төрага Дастанбек Жумабеков Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүн баштап жаткан Женгиз Камил Фыратка ишеним грамотасын тапшырды. Жаңы элчинин бай дипломатиялык тажрыйбага ээ экендигин белгилеп, Түркиянын элчиси катары да эки өлкө ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын жаңы барагын ачат деп ишенерин билдирди.

Андан тышкары, төрага Түркия Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү экенин белгилеп, эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде Женгиз Камил Фырат мамлекеттер аралык кызматташтыкты арттыруу үчүн бардык зарыл болгон аракетти көрүүгө даярдыгын билдирди.

Ошондой эле ал Түркия тарап Кыргызстан менен болгон соода алакаларынын көлөмүн жакынкы аралыкта 1 млрд. долларга жеткирүүнү көздөөрүн белгиледи.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!