​Дарыянын деңгээли көтөрүлүп коркунуч жаратууда

​Дарыянын деңгээли көтөрүлүп коркунуч жаратууда
11-Апр. 2018, Шаршемби, 11:33

Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп айдоо аянттарды суу каптай баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Баш-Дөбө айыл аймагында Кара-Дарыянын деңгээли көтөрүлүп, Бак тилкесинде 107 гектар үлүш жерди, Өзгөн Девзара кооперативинин 246 гектар жерин азыркы учурда суу каптаган.

Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 50 турак үйлөрдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!