​12 жашар кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды

​12 жашар кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды
11-Апр. 2018, Шаршемби, 13:41

Чолпон-Ата шаарында 12 жашар кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда соттук-биологиялык экспертиза дайындалган. “Зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгы менен кызга жыныстык кысым көрсөтүлгөндү же көрсөтүлбөгөнү аныкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!