Жол кырсыгынан 18 жаштагы жаран жаракат алды

Жол кырсыгынан 18 жаштагы жаран жаракат алды
11-Май 2018, Жума, 13:47

Кочкор-Жумгал унаа жолунда 18 жашар жаранды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 10-майда болжол менен саат 14:14 чамасында Нарын облусунун Кочкор районундагы Эпкин айылында Кочкор – Жумгал унаа жолунун 40-чакырымында "Митцубиси" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, жол бойлоп бараткан адамды коюп кеткен.

Кырсыктын натыйжасында 18 жаштагы жаран башынан оор жаракат алып, Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР