10-июль: күн 40 градус ысыйт

10-июль: күн 40 градус ысыйт
9-Июль 2018, Дүйшөмбү, 17:28

10-июлда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, 10-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 35…40;

Таласта түнкүсүн 15…20, күндүз 35…40;

Ошто түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;

Жалал-Абадда түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;

Баткенде түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Нарын дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 31…36.

Бишкекте 10-июлда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 38…40 градуска чейин ысыйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!