Нарында 3 адамды топурак басып калды

Нарында 3 адамды топурак басып калды
30-Июль 2018, Дүйшөмбү, 09:25

2018-жылдын 29-июлунда саат 15:25 чамасында Нарын шаары жана Нарын району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, Нарын шаарынын медициналык тез жардам кызматынан Шералиев көчөсүндө Таза суу системасын капиталдык ремонт жүргүзүп жаткан бир фирмасынын 3 кызматкерин 3 метр терендиктеги траншеянын ичинде жумуш жүргүзүп жаткан мезгилде кум-шагыл басып калганы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Маалыматта айтылгандай, ӨКмдин куткаруучулар тобу окуя болгон жерге жетип барып, ыкчам куткаруу жушуштарын жүргүзүп, кум шагыл бысып балган 3 адамды куткарып медициналык тез жардам кызматынын кызматкерлерине тапшырып беришкен.
Кырсыктан куткарылган үч адам Нарын облустук ооруканасынан медициналык кароодон өтүштү. Сынык жана башка жаракаттар аныкталган жок. Куткарылган адамдар кыска мөөнөттө шок абалында болгон, азыркы кезде абалдары туруктуу.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын себеби: Казылган траншеянын жанында, таза суу колонкасынын түтүктөрү жарылып, топурак көчүп урап кетип 3 адамды базып калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!