Троллейбустун айдоочусу сегиз сом үчүн өспүрүмдү сабаганбы?

Троллейбустун айдоочусу сегиз сом үчүн өспүрүмдү сабаганбы?
2-Авг. 2018, Бейшемби, 16:13

Бишкекте № 8 троллейбустун айдоочусу 13 жаштагы өспүрүмдү жол кире акысын төлөбөй койгондугу үчүн "сабап салган" деген маалымат социалдык тармакта желдей тарап, азыркыга чейин талкуунун аягы бүтө элек.

Интернет колдонуучулар “13 жаштагы өспүрүм акчасы жок экенин эстеп, кайра түшүп калайын десе троллейбус ордунан жылып кеткен. Бала айдоочуга акчасы жок экенин айтып кечирим сурап, кийинки аялдамадан түшүрүп коюсун суранса, троллейбусун айдоочусу аялдамадан түшөрү менен анын артынан түшүп, кыйкырып, сабай баштады” деп жазышкан.

Өспүрүм чынында эле сегиз сом үчүн сабалганбы?

Коомчулуктун кыжырын кайнаткан окуянын чын-төгүнүн тактоо үчүн Ильгиз аттуу 13 жаштагы өспүрүп баланын энеси менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:

- Биздин бала бейтапкана көздөй жөнөгөн. Ал Калык Акиев Москва көчөлөрүнүн кесилишдеги аялдамадан троллейбуска отурган. Балам акчасын унутуп калганын эстеп үйгө кайтуу үчүн кийинки Үметалиев көчөсүндөгү аялдамадан түшкөн. Ал кайра бейтапканадан кайра келиш керек да. Балам айтып жатат: “Мен чыкканда айдоочунун сыртка чыкканын көргөн эмесмин. Айдоочу артынан келип кармап алып жулкулдатып, кыйкыра баштады. Байке кечирип коюңуз, мен аз эле өтүп кеттим го деп айттым. Ал мени кое бербегендигинен элдерге жардам сурап кайрылдым. Анан мени түртүп жиберди” – деп. Балам жыгылган тосмо сынып калыптыр. Биз барганда сүрөткө тартып алдык. Окуя ушундай болду. Биз азыр күбөлөр менен сүйлөштүк. Алар баланын уруп жатканын көрүшүптүр. Биз айдоочунун өзүнө жолукканыбызда баардыгын четке какты. 31-июлда арыз жазып, соттук-медициналык экспертиза жалдадык. Мен эртең менен ырчы Ома менен сүйлөштүм, ал менин баламдын телефон номерин жазып алыптыр. Күбө болуп берем деп айтты. Ал окуя болгон жердин жанынан өтүптүр. Ома баламдын жол киресине деп акча да бериптир.

Ал эми “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын кыймыл курамдарын эксплуатациалоо бөлүмүнүн башчысы Сюита Ахметакунова: “Тергөөнүн жыйынтыгын күтүш керек. Анткени тергөөчү иликтөө жүргүзөт. Ал жакта видеокамера болгон. Биз деле Ленин РИИБден камерадагы видеотасманы көрөлү деп сурадык. Биз кайрылуу жөнөтүп камерадан көрсөк бардыгы белгилүү болот деди. Айдоочу балага жакын жолобогун жана колу да тийбегенин айтты. Анткени биздин кызматкер орой киши эмес. Ал бала арткы эшигинен чыгы алыптыр. Мындай кылбай жүр деп айтайын деген экен ошону айтайын деген экен. Качам деп тосмону көздөй жыгылыптыр”, - дейт. Ахметакунова ошондой троллейбустун айдоочусу жана баланан ортосунда “сегиз сомум жок, кое берип койгулачы” деген сөз болбогонун кошумчалады.

Аталган ишкананын басма сөз катчысы Жаңыл Алымкулова окуя боюнча мекеме тарабынан да кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатканын айтты :

- 13 жашар баланы урду деген факты боюнча биздин айдоочу менен көп иштер жүргүзүлдү. Азыр ата-энесинин арызы бар экен. Ошонун негизинде иликтөө иштери жүрүп жатат. Биздин айдоочунун айтымына караганда, балага колу менен тийген эмес. Троллейбустан качып чыкканда андай кылганга болбойт деп артынан чыгыптыр. Балда качам деп тоголонуп жыгылып кетиптир. Окуя болгон жерге жакын жайгашкан дүкөндө видеокамера бар экен. Ортоңку эшик ачылганда бала качып жыгылыптыр. Бизде дагы жетекчилер бар. Баланын сабалганы аныкталса биздин жетекчилер тиешелүү чараларды көрөт. Азыркы учурда аталган айдоочу жумуштан убактылуу четтетилди.

“ZAMAN Кыргызстан” маалымат агентиги мындан ары да окуянын жүрүшүнө көз салып турат

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!