Кыргызстандык Муратов полициянын өлүмү үчүн кармалды (видео)

Кыргызстандык Муратов полициянын өлүмү үчүн кармалды (видео)
4-Сен. 2018, Шейшемби, 14:03

3-сентябрга караган түнү Москва шаарынын “Курская” метросунун жагында каза тапкан орус полиция кызматкеринин өлүмүнө шектүү катары 1975-жылы туулган Нурлан Муратов кармалганын Орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Vesti.ru cайты жазган маалыматка таянсак, 2-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында шектүү жаранды текшерүү маалында жанынан документтер табылган эмес. Ал ажатканага барып келүүнү суранганда уруксат берип, полиция кызматкери сыртта калган. Көпкө күтүп калган Райский ичине киргенде ага чабуул болгон. Ал башына бир нече ок жеп, ордунан жан берген. Тапанчаны тергөөчүлөр жерден табышкан.


Ал эми Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов бул окуя боюнча өзүнүн “Facebook” баракчасына билдирүү калтырды.

Кечээ күнү баарыңыздарга маалым болгондой, ст. метро Курскаяда биздин мекендешибиз Муратов Нурлан 1975 т.ж Ош облусунун
Кара -Кулжа районунун Ылай - Талаа айлынын кулуну, кадимкидей эл катары жумуштан соң, достору менен эс алып, бир аз ичимдик ичишип анан үйгө кайталы деп бара жатып, ст
. метро Курскаяга түшкөндө, Полиция кызматкери токтотуп документин текшерип, текшерген малда чындыгында жанында документи жок болуп чыгат. Документи жоктугуна байланыштуу Полициянын бөлмөсүнө алып кирип текшерем деп, Нурланды сен ушундай тур деп эшиктин жанына тике тургузуп коёт, ошол маалда полициячы чыгып наркы бөлмөгө киргенден кийин (Тарс!) деген ун угулат. Кирип чыгып жүргөн ошол жерде пол жууп иштеген аял, же метрополитенде иштеген аялбы, окуяны өз көзү менен көрүп туруп, мен күнөлүү болуп калбайын деп коркуп качып кетет...
Үйгө барып үйдөгүлөр менен сүйлөшүп, окуяны айтып жаман болду деп түнү жатып, эртеси жумушка ст
. метро Повелецкая жакка барып экскалатордон чыгып баратканда курткасынан таанышып Полиция кызматкерлери кармап калышат, кармап Метрополитендин башкы прокуротурасына жеткизишет, ошол жакта тергөө иштери жүргүзүлүп иш алып барып жатышат", - деди Кошматов.

Ал ошондой эле Нурлан Муратов биринчи күнү кармалгандагы кийими менен жумушка бара жатып кармалганын, эгерде ал ушул болуп өткөн окуяга катышканы чын болсо кийимдери кан болуп, башка кийим кийип, жумушка барбай качып кетмек деген ойдо. Кылмышка шектелип жаткан мекендешибиздин абалы оор экенин, мындан улам ИИМдин өкүлчүлүгү, Миграция кызматы жардам берсе чоң жардам болмок экенин кошумчалады.
Учурда "полиция кызматкеринин өмүрүнө кол салуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Орусиянын укук коргоо органдары билдиргендей, Муратов буга чейин соттолгон эмес.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!